Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 03-апрели № 59
Кыргызстан айылынын тургуну Жамгырчиев Арстанбекке жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезектеги Х- сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүн жер адиснин кайрылуусунун негизинде Кыргызстан айылынын тургуну Жамгырчиев Арстанбекти жеке менчик жерине таза суунун кампасы курулгандыгына байланыштуу, Жамгырчиев Арстанбекке айыл өкмөтү тарабынан жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жамгырчыев Арстанбекке өзүнүн кашаасынын жанынан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин жер маселелери жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Мисиралиевке жүктөлсүн .
Төрага | С. Курманбеков |