Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 24-апрели № 60
Ийри-Суу айыл өкмөтүндөгү Жийде айылын таза суу менен камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн жумуштардын азырку учурда абалы боюнча
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХI- сессиясынын күн тартибиндеги Жийде айылына таза суу өткөрүү түтүктөрүн орнотууда аткарылган курулуш жумуштарына ӨКМ тарабынан 17.04.2018- жылы № 95 берилген кортундунун негизинде 2017- жылы болуп өткөн жер көчкүнүн кооптуу абалы азыркы учурда өткөрүлгөн таза суу түтүктөрүнө да терс таасирин берет деген. Бирок 2017- жылы Жийде айылына таза суу системасын кайрадан калыбына келтирүү боюнча обьект болуп планга кирип, курулуш жумуштары 2017- жылы акыркы кварталда башталган.
Ошондуктан Жийде айылынын элине таза суу түтүктөрүн куруу жумуштарына көмөк көрсөтүү менен жана аткарылган жумуштарды артка тартпай , элди таза суу менен камсыздоо маселесин колдоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таза суу түтүктөрү курулуп бөтөөрү менен СООППВ балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. СООППВ айылда таза суу керектелүүчүлөргү т.а. таза суу сатуунун төлөмдөрүн эсептеп чыгарып , орточо баага келүү эсептелген төлөмдүк баасы кайрадан айылдык кенешке кароого койулсун элдин төлөмүнө карата көз карашы жана мүмкүнчүлүгү да каралсын.
3. Айылдык Кенеште баардык мүмкүнчүлүктөр эске алуу менен сатылган суунун орто баасы бекитилип, айылдын эли суу менен камсыз боло баштагандан кийин, СООППВ тарабынан ар бир айдын аягында таза сууга болгон төлөмдөрдүн эсебинен 10 ( он) пайызын таза суу тармактарын тейлөө жумуштары үчүн каражат болсун.
4. Таза суу тармактарын тейлөө жумуштарынын эсебинен которулган каражатты туура пайдалануу көзөмөлдөнсүн.
5. Эгерде жаратылыштын кубулушунун кесепетинен жер көчкүнүн коркунучу таза суу тартылып өткөн жерге терс таасирин тийгизип басып калуу коркунучу канчалык денгээлге жетээрин орточо болжол менен эске алынсын.
6. Биринчи кезекте элдин таза сууга болгон муктаждыгын эске алуу менен жана СООППВ тарабынан таза суу менен камсыздоонун эсебинен сарпталган каражатка таянуу менен, жаратылыш кырсыгынан жер көчкүнүн алдында калган белгилүү болгон бөлүктөгү ( орточо эсеп менен алынган узундугу 50-60 метр аралыкта) участканы ондоп түзөө калыбына келтирүү жумуштарын элдин айылынын тургундары өз колуна алат. Айтылган жумушка карата кетирилген каражатты СООППВ тарабынан сарпталат жана отчет жүргүзүлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |