Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 07-июну № 61
ПРООН тарабынан аткарылып жаткан долбоорлорго элдик салымын жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХII - сессиясынын күн тартибиндеги ПРООН тарабынан аткарылып жаткан долбоорлорго элдик салым Кыргызстан айылындагы Рахматов Сагынбай аажы көчөсүн ( Бото-Мойнок) таза суу чыгарууга 150 мин сом, Кыргызстан айылына арык суу чыгарууга 200 мин сом , К. Ботояров орто мектебине санитариясына 92 мин сом , К. Ботояров орто мектебинин имаратына жылытуу системасын курууга 306 мин сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы Рахматов Сагынбай аажы көчөсүнө ( Бото-Мойнок) таза суугчыгарууга 150 мин сом, Кыргызстан айылына арык суу чыгарууга 200 мин сом , К. Ботояров орто мектебинин санитариясына 92 мин сом , К. Ботояров орто мектебинин имаратына жылытуу системасын курууга 306 мин сом акча каражаты элдик салымга бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткарыы жагы Кыргызстан айылынын айыл башчысы Б. Тиллебаевке,Жийде айылынын айыл башчысы М. Оморовко милдеттендирилсин..
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке жүктөлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |