Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 07-июнь № 62
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн караштуу Кыргызстан айылындагы Дөбө-маалага арык суу чыгарууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ийри-Суу айылдык кеңешинин (VI чакырылышындагы ) кезексиз ХII - сессиясынын күн тартибиндеги Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылындагы Дөбө- мааланин тургундарынын арызынын негизинде маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылындагы Дөбө-маалага арык суу чыгарууга 300,0 ( үч жүз мин сом ) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомду аткаруу жагы Кыргызстан айылынын айыл башчысы Б. Тиллебаевке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин Финансы, бюджет, экономика боюнча боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Мусаевке жүктөлсүн.
Төрага | С. Курманбеков |