Загрузка документа…
ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жыл 07-июну № 64
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 10 К. Ботояров орто мектебинин имаратына жылуулук системасын курууга жана Кыргызстан айылынын арык суусун чыгарууга ондоп түзөө иштерине
Ийри-Суу айыл өкмөтү 2018-жылы “ ПРООНдун” пилоттук тизмесине кирип, айыл аймагындагы К. Ботояров орто мектебинин имаратына жылуулук системасын курууга 960 248 ( тогуз жүз алтымыш мин эки жүз кырк сегиз ) сом жана Кыргызстан айылынын арык суусун чыгарууга ондоп түзөө иштерине 954 100 ( тогуз жүз элүү төрт мин бир жүз ) сом максатында проектин негизинде жалпысы 1 914 348 ( бир миллион тогуз жүз он төрт мин үч жүз кырк сегиз ) сом каражатын атайын каражаттар эсеп-счетунун 22211200 бөлүмүнө чегерүү жагы финансы, экономика боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун, КРнын Бюджет кодекисинин, КРнын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Ийри-Суу айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ийри-Суу айыл өкмөтүнө “ ПРООНдун” проектиси аркылуу каралган жалпы 1 914 348 ( бир миллион тогуз жүз он төрт мин үч жүз кырк сегиз ) сом акча каражаты атайын каражаттар эсеп- счетунун 22211200 бөлүмүнө кошумча план болуп чегерилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы А.Айтиевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика, бюджет экономикалык жактан болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.Мусаевке тапшырылсын.
Төрага | С. Курманбеков |