Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 13-февралы № 5-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасында жайгашкан Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинини мини жабык стадионуну жана спорттук залын муниципалдык кенчикке өткөрүп берүү жөнүндөгү Коргошун талаа участкасынын жалпы чогулуш протоколун бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасында жайгашкан Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинини стадиону жана спорттук залы Коргошун талаа участкасынын элдерин демилгеси, ашар жолу менен реконстукциялап жана заман бап типтүү жабык стадион- спорттук залга айланган, ушул стадион жана спорт залын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү Коргошун талаа участкасынын жалпы чогулуш протоколун бекитүү жөнүндө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Чапаев айылынын Коргошун талаа участкасында жайгашкан Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектебинини стадиону жана спорттук залы Коргошун талаа участкасынын элдерин демилгеси, ашар жолу менен реконстукциялап жана заман бап типтүү жабык стадион- спорттук залга айланган, ушул стадион жана спорт залын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгү жалпы чогулуш протоколу бекитилсин.
2. Стадион жана спорт залга керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүннүн башчысы Ш.Гафаров, айыл өкмөтүнүн жер адиси Ю.Сайтбаев жана Чапаев айылынын айыл башчысы М.Исаковдорго тапшырылсын.
3. Стадион жана спорт зал А.Мирмахмудов атындагы толук эмес орто мектептин пайдалануусунан бош убакытта, Коргошун талаа жамаатына пайдаланууга уруксат берилсин. (Саат 23-00 чейин)
4. Стадион жана спорт залдын көзөмөлдөп туруу үчүн жоопту болуп айылдык кеңешинин депутаты И.Хайдаралиевке жүктөтүлсүн.
5. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |