Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 13-февралы№ 5-2
Мирмахмудов айыл аймагындагы 2017-жылга карата салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизү жөнүндөгү мыйзамын 3-беренесин талаптарына ылайык Мирмахмудов айылдык округунун аймагында 2017-жыл үчүн жер салыгын жана мүлк салыгын I-группага - 0,8 коифициент .II-группага -1,2 коифициент, III-группага– 1,2 коифициент, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 377-беренесинин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык ставкалары жөнүндө Мирмахмудов айыл аймагындагы айыл чарба жерлерине ставка белгилөө тууралу салык инспекорун билдирүүсүн угуп Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айылдык округунун аймагында 2017-жыл үчүн жер салыгын жана мүлк салыгын I-группага - 0,8 коифициент .II-группага -1,2 коифициент, III-группага– 1,2 коифициенттен белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 377-беренесинин айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салык ставкалары жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Мирмахмудов айыл аймагындагы айыл чарба жерлерине ставкасы төмөндөгүчө белгиленсин
Сугат 629 га -413 сомдон -600 сомго
Кайрак 1114 га 62,3 сомдон -70 сомго
Бак- 18 га 223 сомдон -600 сомго
Чөп чабынды-273га -28,7 сомдон -60 сомго
Жайыт 1га сына -12,7 сом
3. Мирмахмудов айыл аймагынын жардамга муктаж болгон 1197 кожолукка таштанды салыгына жеңилдик үчүн, салыктан бошотулсун.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде салык эмес төлөмдү 75-сомдон 100 сомго жогорулатылсын.
5. Белгиленген коифициент Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн салык кызматчылары аркылуу учет жүргүзүү милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
7. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн салык кызматчыларына жүктөтүлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |