Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 13-февралы № 5-3
«Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын блоктордун арасындагы жолдордун жер салыгынан бошотуу жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан «Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын Мамлекеттик актынын ичинде мирмахмудов айыл аймагынын тургундарынын жер үлүшү болуп 2003-жылдын 4-июлунда Ноокат райондук архитектура тарабынын чийилген башкы план негизинде блокторго бөлүп элдерге ажыратып берилген жана ошол блоктор арасында жол ажыратылган, жолдордун жер салыгын жок кылуу үчүн 2017-жылдын 15-январындагы Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынынуюштуруучулардын жалпы чогулуш протоколу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4-главасынын 31-статьяларынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 17-гл 131-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн 9-пункт жана 51-глава 343-беренесинини 1-бөлүмдөрүнүн негизинде Мимахмудов айылдык кңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан «Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын Мамлекеттик актынын ичинде мирмахмудов айыл аймагынын тургундарынын жер үлүшү болуп 2003-жылдын 4-июлунда Ноокат райондук архитектура тарабынын чийилген башкы план негизинде блокторго бөлүп элдерге ажыратып берилген жана ошол блоктор арасында 11605 м 2 жол ажыратылган. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4-главасынын 31-статьяларынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 17-гл 131-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн 9-пункт жана 51-глава 343-беренесинини 1-бөлүмдөрүнүн негизинде жолдордун жер салыгын жок кылынсын.
2. Ушул токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
3. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн салык кызматчыларына жүктөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |