Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин жыйырма төртүнчү сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2016-жылдын 5-августу № 24 \ 7
Сары-Камыш айылындагы 29.05.2016-жылдагы өзгөртүүлгөн элдик жыйындын № 4 “Сары-Камыш айылындагы эски автоунаа жолдон Коонун ичинен торт секидеги бактан Набиев Мамасадыктын үйүнө чейинки аты жок көчөгө Жороев Садыктын ысымын ыйгаруу жөнүндөгу” протоколдук чечимин бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин сегизинчи сессиясынын
(V шайланган) жыйналышынын 23.04.2014-жыл № 8 \ 2 “ Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим жана тарбия берүү, маданый жана саламаттыкты сактоо, диний, спорт мекемелерине жана көчөлөргө ат коюу алардын аттарын өзгөртүүнүн тартибин жөнгө салуу боюнча жобосу жөнүндөгу” токтомуна ылайык Кара –Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Камыш айылындагы 29.05.2016-жылдагы өткөрүлгөн элдик жыйындын
№ 4 “Сары-Камыш айылындагы эски автоунаа жолдон Коонун ичинен торт секидеги бактан Набиев Мамасадыктын уйунө чейинки аты жок көчөгө Жороев Садыктын ысымын ыйгаруу жөнүндөгу ”протоколдук чечими канаттандырылсын жана бекитилсин.
2. Сары-Камыш айылындагы эски автоунаа жолдон Коонун ичинен торт секидеги бактан Набиев Мамасадыктын үйүнө чейинки аты жок көчөгө Жороев Садыктын ысымы ыйгарылсын.
3.Сары-Камыш айылындагы Жороев Садыктын атындагы көчөнүн конокторун , уй номерлерин илдирүү, көрктөндүрүү жана жолдун абалын кароо жагы уулу жана небиреси Жороев Эгембердиге тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара –Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Д.Кадыровго жүктөлсүн .
Төрага | Т.Абдыкадыров |