Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 20-февралы № 6-4
Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылынын Кызыл бөлүмүндөгү жайыт жеринде жайгашкан 4 ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндөгү 25 ч.м жер тилкелерин ижарага берүү жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылындагы «Кызыл» бөлүмүндө жайгашкан № 1950 контурунда турган жайыт жерлердин эсебине кирген , ыңгайсыз таштак жерден ОсОО I-Spase фирмасына 4 (төрт) ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндө жайгашкан №522 контурундагы жайыт жерлердин эсебине кирген ыңгайсыз таштак жеринен ЖЧК «Нур Телеком» фирмасына 25 ч.м жер тилкелерин ижарага берип, алыскы айылдарда жайгашкан мектептерге интернет түюүнү жеткирүү боюнча долбордун негизинде уюлдук байланш антенасын ачтасын орнотуу үчүн ижарага берилүүсү боюнча Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылындагы «Кызыл» бөлүмүндө жайгашкан жайыт жерлердин эсебине кирген , ыңгайсыз таштак жерден ОсОО I-Spase фирмасына 4 (төрт) ч.м жер тилкесин жана Кара кокту бөлүмүндө жайгашкан №522 контурундагы жайыт жерлердин эсебине кирген ыңгайсыз таштак жеринен ЖЧК «Нур Телеком» фирмасына 25 ч.м жер тилкелери ижарага берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Фазиловго жүктөтүлсүн
3. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |