Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 06-апрели № 7-1
Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын аралап өткөн Ош-Исфана жана Ноокат-Папан автожолдорунун четинде өсуп турган, электр зымдарына жана жол коопсуздугуна зыян келтирип турган теректердин мыйзамдуу түрдө кыркып алып таштоо жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын аралап өткөн Ош-Исфана автожолунун четинде өсуп турган 176 туп теректердин, аталган автожолдун реконструкциялоо башталып жаткандыгынан жана ал теректер кызыл сызыкка кирип калгандыгын эсепке алып жана найза теректер өтөө өсүп кеткендигинен шамал болуп көп жаан-чачын болуп жаткан учурларда электр зымдарына тийип калып кыска түтөшүүлөрдү келтирип чыгарып электр энергиясын үзгүлдүксүз узатууда тосколдуктар келтирип чыгарууда, көп теректер вирустук ооруларга чалдыкандыгынан шамал мезгилинде жолго сынып тушуп кетүү фактылары катталууда.
Жогорудагы абалды Ноокат-Папан автожолунун четинде өсүп турган 125 туп терек дарактары дагы келтирип чыгарууда.
Жогорудагы абалды эске алып Мирмахмудов айыл аймагынын өкмөт башчысынын 2017-жылдын 03-апрелиндеги № 108 сандуу билдирүүсүнө негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 4гл. 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутунун талаптарынан келип чыгып, Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 4гл. 31-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3-пункутунун талаптарын жетекчиликке жана Мирмахмудов айыл аймагынын өкмөт башчысынын 2017-жылдын 03-апрелиндеги № 108 сандуу билдирүүсүнө негиз катары кабыл алынсын.
2. Мирмахмудов айыл аймагынын Киров айылынын аралап өткөн Ош-Исфана автожолунун четинде өсуп турган 176 туп, Ноокат-Папан автожолунун четинде өсүп турган 125 туп терек дарактары электр зымдарына тийип калып кыска түтөшүүлөрдү келтирип чыгарып, электр энергиясын үзгүлтүксүз узатууда тосколдуктар келтирип чыгарып жана көп теректер вирустук ооруларга чалдыкандыгынан шамал мезгилинде жолго сынып түшүп, жолдон өткөн автоууналар жана жүргүнчүлөрдүн жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо максатында мыйзам чегинде этияттик чараларын көрүп, аталган көчөдө жашаган, өзүнүн турак жайынын түшүнө терек отургузган турак жай ээлери өзүнүн эсебинен кыркып алып таштап, ордуна кайрадан декоративдик дарактарды отургузуу жагы тапшырылсын.
3. Аталган көчөлөрдөгү теректерди кыркып алып салуу үчүн мыйзам чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош аймактык башкармалыгы менен макулдашуу жагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго тапшырылсын.
4. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |