Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 06-апрели № 7-3
Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин, ижарага берилген жерлерин жана жаңыдан берилүүчү жерлерди ижара акынын өлчөмдөрүн аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2016-жылдын 13-январындагы №17-73 сандуу тапшырмасына ылайык 2017-жылга карата жергиликтүү бюджеттерди бекитүү процесинде, өз алдынча башкарүү органдарына жер салыктарынын базалык ставкаларын же жер салыктарын коэфиценттерин КР «Салык кодексинин» 337, 339-беренелеринин талаптарына ылайык мыйзамдарда белгиленген укуктарынын ченеминде жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрүү сунушталган.
Жогрудагы тапшырманын талаптарын аткарууга алуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкарүү жөнүндөгү» мыйзамынын 3-гл.1-пункутунун №1,2,3,15 бөлүмчөлөрүнүн, 4гл. 31-беренесинин 1,2,4-пункттраынын 3,4 бөлүмчөсүнүн талаптарына таянып Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин VI-шайланган депутаттарынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкарүү жөнүндөгү» мыйзамынын 3-гл.1-пункутунун №1,2,3,15 бөлүмчөлөрүнүн, 4-гл. 31-беренесинин 1,2,4-пункттраынын 3,4- бөлүмчөсүнүн талаптары, КР «Салык кодексинин» 337, 339 беренелеринин талаптары, Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2016-жылдын 13-январындагы №17-73 сандуу тапшырмасынын талаптары, Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин 2017-жылдын сессиясынын № .. токтомунун талаптарын аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Айыл аймагында пайдаланууда болгон айыл чарба жерлеринин жер салыгынын өлчөмү
-сугат айдоо жерлер-1,5 эсэ ,
-Кайрак айдоо жерлер-1,15 эсэ,
-Көп жылдык бактар-2,6 эсэ,
-Чөп чабынды жерлер-2,2 эсэ көтөрүлгөндүгүн эсепке алып айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү ижара акы түрлөрү жайгашкан жери жана сугат суу менен камсыздалышынан келип чыгып төмөндөгү өлчөмдө белгиленсин: (ижара акынын өзгөртүлгөн өлчөмү тиркелет)
3. Кайра бөлүштүрүү фондунун жрлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын курамы №1 тиркеме ылайык бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана жер адиси Ю.Сайтбаевтерге жүктөтүлсүн.
5. Токтом мыйзам негизинде аткарылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |
Бекитемин:
_____________________И.Исмоилов
Мирмахмудов айылдык округунун кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги
7- сессиясынын № 7-3 токтомуна тиркеме
А. Мирмахмудов айылдык округунун кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:
1. Кадиров Акбар – депутаттардын жер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү- комиссиянын төрагасы
2. М.Мирзажонов –депутат, комиссиянын мүчөсү
3. Сайтбаев Юсуп – жер адиси , комиссиянын мүчөсү
4. Исаков Маматкосим –Чапаев айылынын айыл башчысы –комиссиянын мүчөсү
5. А.Мирзакаримов – Киров айылынын айыл башчысы, Комиссиянын мүчөсү
6. А. Досмаматов- Барын айылынын айыл башчысы, Комиссиянын мүчөсү
7. Пакирдинов Зайлобидин – комиссиянын мүчөсү
Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы И.Исмоилов
Мирмахмудов айылдык кеңешинин
2017-жылдын 06-апрелиндеги
№_7-3__ токтомуно тиркеме
Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 2017-жылга карата ижара акын өлчөмүн аныктоо боюнча бардык жер салыгын жана суу акын кошкондогу 1га. аянтка карата сунушталган
расчету
1. Капчыгай айылы:
2016-жылга-5000 сом
2017-жылга-5200 сом
2. Буудайлык айылында жайгашкан сугат айдоо жерлер:
2016-жылда-2000-4000 сомго чейин
2017-жылга сунушталганы- 2200-4200 сом,
3. Чапаев айылында жайгашкан сугат айдоо жерлер:
2016-жылда-7000 сом
2017-жылга сунушталганы- 7200 сом,
4. Киров айылы Үч-жыгач бөлүмүнө жайгашкан сугат айдоо жерлер:
2016-жылда-4500 сом
2017-жылга сунушталганы- 4700 сом,
7. Киров айылынын «Ак-шувак» бөлүмүндө жайгашкан жерлер:
2016-жылда-3500 сом
2017-жылга сунушталганы- 3700 сом.
Арал айылынын Кара-Кокту бөлүмүндө жайгашкан сугат айдоо жерлер;
2016-жылда-1500-4000 сом
2017-жылга сунушталганы- 1700- 4200сом,
9.Кайрак жерлер:
«Ит-өлдү» бөлүмү ;
2016-жылда-300 сом
2017-жылга сунушталганы- 350 сом,
«Кыр-кол» бөлүмү ;
2016-жылда-300 сом
2017-жылга сунушталганы- 500 сом,
10 . Бак дарактар;
2016-жылда-1000 сом
2017-жылга сунушталганы-1400 сом,
Чөп чабынды:
2016-жылга 150 сом
2017-жылга-180 сом
11. Мирмахмудов атындагы үрөөнчүлүк чарбасы боюнча;
2017-жылга жер салыгы жана социалдык төлөмдөрү, суу акы кошулганда бардык ижара акы;
1га. сугат айдоо жерге -2354 сом,
1га. кайрак айдоо жерге-207 сом ижара акы төлөйт.
Мирмахмудов айылдык
кеңешинин төрагасы И.Исмоилов