Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-июну № IX-1
А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кенеши мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесин жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн, толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши» Мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение «Айылный Кеңеш айылного аймака имени Абдулхайа Мирмахмудова».
Кыскартылган фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: «А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кенеши» М-е.
Расмий тилде: У-е «Айылный Кенеш имени А. Мирмахмудова»;
2. «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кенеши» Мекемесинин регламенти жаңы редакцияда бекитилсин;
3. «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кенеши» Мекемесинин дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Мирмахмудов атындагы айыл аймагы, Чапаев айылы, Төлөнов көчөсү 12;
4. «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңеши» Мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана бул милдет «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кенеши» Мекемесинин Төрагасы Исмаилов Ильхомжон Сотволдиевичке жуктолсун.
Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | И. Исмоилов |