Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-июну IX-2
А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү мекемесин мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесин жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамынын 12-беренесине ылайык А. Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү мекемеси юридикалык жак катары мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн, толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде –«Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Айыл өкмөтү» мекемеси,
расмий тилде – Учреждение «Айыл окмот айылного аймака имени Абдулхайа Мирмахмудова».
Кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде – «А. Мирмахмудов атындагы Айыл өкмөтү» М-е,
расмий тилде – У-е «Айыл окмот имени А. Мирмахмудова»;
2. «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Айыл өкмөтү» мекемесинин Жобосу жаңы редакцияда бекитилсин;
3. «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Айыл өкмөтү» мекемесинин дареги: Кыргыз Республикасы, Ош облусу, Ноокат району, Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагы, Чапаев айылы, А. Төлөнов көчөсү, 12;
4. «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Айыл өкмөтү» мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан өткөрүлсүн жана бул милдет «Абдулхай Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Айыл өкмөтү» мекемесинин башчысы Гафаров Шухрат Мамадумаровичке жуктотулсун.
Ушул чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана, мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | И. Исмоилов |