Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-июну IX-6
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 6242,7 миң сом бюджеттик калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 6242,7 миң сом бюджеттик калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүү жөнүндө Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТКОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 01.01.2017-жылга карата калган калдык 4384,4 миң сом ,анын ичинен 4347,1 миң сому бюджеттик калдык 37,3 миң сому атайын каражаттын калдыгын чыгаша жагын бөлүштүрүлсүн.
2. 701- раздел боюнча Кыргыз Республикасынын Муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамынын 17-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын бюджеттин укугунун негизги принциптери жөнүндөгү мыйзамын 17-беренесин эске алып муниципалдык кызматчыларга эки оклатдан сыйлыккатары эмгек акысына 478,3 миң сом , ал эми соц.фондуна 82,5 миң сом андан сырткары айыл өкмөтүнүн имаратын кезектеги ремонтуна 652,7 миң сом, бүтпой калган имаратына 1843,3 миң сом каржылансын.
3. 704-раздел боюнча айыл өкмөттү экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Чапаев айылындагы 7-отвод сугат каналын проектисине 150 миң сом, айыл аймагындагы таза суу жана башка проекттерине 489,3 миң сом, Арал жана Чапаев айылынын сел канасын жана арыктарын тазалоо үчүн 350 миң сом, Чапаев айылына транспорматорго электр жабдуулар сатып алууга 108 миң сом каржылансын.
4. 706-раздел айыл аймагындагы таштандыларды алып чыгуу үчүн 60,6 миң сом каржылансын.
5. Мирмахмудов айыл аймагындагы спорт залына ар түрдүү чыгымдарына 36 миң сом каржылансын.
6. Мирмахмудов айыл аймагындагы балдар бакчаларына ар түрдүү чыгымдар үчүн 15миң сом каржылансын.
7. Мирмахмудов айыл аймагындагы мектептерине ар тбүрдүү чыгымдарына 55 миң сом жана Беруни орто мектебине кошумча 16 тонна көмүр үчүн 26,4 миң сом каржылансын.
8. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.
9. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |