Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-сентябры X-1
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнө карашту №5390 Чапаев шайлоо участкасынын төрайымы жана катчысын алмаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-8-беренелеринин, 11-12-бөлүмдөрүнүн 9-пунктчасынын Кыргыз Республикасынын шайлоо комыссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү Жобонун 2-бөлүгун 13-14-пункттарынын талаптарына ылайык Мирмахмудов айыл аймагындагы №5390 Чапаев шайлоо участкасыныны төрагасы жана катчысын алмаштыруу жөнүндө Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл аймагынын №5390 Чапаев шайлоо участкасынын төрайымы жана катчысын алмаштыруу №5390 Чапаев шайлоо участкасынын протоколун негизинде бекитилсин.
2. Жогоруда аталган №5390 Чапаев шайлоо участкасынын төрайымы Мирзахожиева Барноныны өз арызын негизинде ордуна Мамажонова Гулбахор төрайым жана катчысы Хакимова Сураены өз арызын негизинде Исмоилова Гулбахорды катчы кылып дайындалсын
3. Аталган Мирмахмудов айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссиясынын төрайым жана катчысын алмаштыруу жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарышы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Ажибековго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төрага | И. Исмоилов |