Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 18-декабры 12-4
Мирмахмудов айылдык аймагынын Барын, Чапаев,Киров айылдарында уюушулган “ПозилКосимов”, “А.Мирмахмудов”, “Үч-кемпир”, “Беш-тал”, “Коргошун-талаа”, “Какыр-сай”, “Х.Мирамов”, “И.Ташматов” айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн Ташкоргон автосервисиндеги үлүшкө бөлүнгөн жерлерин Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципальдык менчигине откоруп берүү максатында Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V-шайланган депутаттарынын 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 22-1 токтомуно өзгөртүүлөр жана толуктоолор киригизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4гл. 31 – беренесинин 2 – пунктунун 3-бөлүмчөсүнүндө белгиленген-аймакты социальдык – экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо жана экономикалык, маданий жактан өнүктүрүү жана жаштардын билимин өркүндөтү максатында тышкы инвесторлор жана жерргиликтүү бюджеттин эсебинен Таш-коргон участкасындагы курулушу көздөлгөн социалдык обьекттер- мектеп, балдар үйү, ФАП жана мечитке жер аянтын кеңейтуу, максатында жер реформасынын башатында Барын, Чапаев, Киров айылдарында уюушулган “ПозилКосимов”, “А.Мирмахмудов”, “Үч-кемпир”, “Беш-тал”, “Коргошун-талаа”, “Какыр-сай”, “Х.Мирамов”, “И.Ташматов” айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн Таш-коргон автосервисиндеги үлүшкө бөлүнгөн жерлерин мүчөлөрүнүн маакулдугу менен 2013–жылдын 13–майындагы Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз IV сессиясында кабыл алынган № 4/4 токтомунда жана Мирмахмудов айылдык Кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги XXII- сессиясын 22-1 токтомунда белгиленген аянтка, аталган жерде чоң социалдык комплекстин курулушу көздөлүп жаткандыгына байланыштуу кошумча, 63га. жер аянтын Мирмахмудов айылдык өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү максактында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамынын 4гл. 31–беренесинин 2–пунктунун 3,5-бөлүмчөлөрүнүн талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 17-ноябрындагы 22-1 токтомунун 1-пункутуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3. Мирмахмудов айыл аймагынын Барын , Чапаев,Киров айылдарында уюушулган “Позил Косимов”, “А.Мирмахмудов”, “Үч-кемпир” , “Беш-тал”, “Коргошун-талаа”, “Какыр-сай”, “Х.Мирамов”, “И.Ташматов” айыл чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнүн Ташкоргон автосервисиндеги үлүшкө бөлүнгөн жерлеринин эсебинен алдынкы бөлүгөн 0,80га. жер аянтына кошумча 0,63га. аянты ажыратылып , бардыгы болуп 1,43га. жер аянты, аталган жерде чоң социалдык комплекстин курулушу көздөлүп жаткандыгына байланыштуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин
4. Өткөрүп берилген жерде курула турган социалдык объекттердин курулушун көзөмөлдөп алып баруу жана аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго жана тийешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Ю.Саитбаевке , Барын айылынын айыл башчысы А. Досмаматовко тапшырылсын;
6. Ажыратып берилген жер участогун чиймелерин чийип, бардык тийешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынан жана Ноокат райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын;
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мирмахмудов айылдык Кеңешинин төрагасы И.Исмоиловго жана туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | И. Исмоилов |