Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 22-декабры №IX-6
Ноокат шаар аймагындагы “Кара-Турпак” балдар бакчасынын чатырын жаңылоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы “Кара-Турпак” балдар бакчасынын чатырын жаңылоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы “Кара-Турпак” балдар бакчасынын чатырын жаңылоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 709 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 550 000 (беш жүз элүү миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |