Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 22-декабры №IX-7
Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына жаны тосмолорду жасоо, орнотуу, жоо жүрүүчү жолчоолорду асфальттоо жана четиндеги арыктарга лоток орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына жаны тосмолорду жасоо, орнотуу, жоо жүрүүчү жолчоолорду асфальттоо жана четиндеги арыктарга лоток орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын борбордук айлампасынын айланасына жаны тосмолорду жасоо, орнотуу, жоо жүрүүчү жолчоолорду асфальттоо жана четиндеги арыктарга лоток орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |