Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 22-декабры №IX-8
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №1, №2 от каналарына жаңы от казандарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №1, №2 от каналарына жаңы от казандарын сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №1, №2 от каналарына жаңы от казандарын сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |