Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 22-декабры №IX-10
Ноокат шаарына караштуу Ош көчөсүнө жаңы светофор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарына караштуу Ош көчөсүнө жаңы светофор орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарына караштуу Ош көчөсүнө жаңы светофор орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3112-беренесинин эсебинен 1 000 000 (бир миллион) сом ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |