Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жыл 22-декабры №IX-14
Ноокат шаарынын аймагындагы көп жылдан бери тазаланбай келе жаткан суу топтомдору агуучу арыктарды (дренаждарды) тазалоо иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон, Кара-Турпак кварталдарында жана Ноокат ресторанында жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайларга жана имараттарга зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу көп жылдан бери тазаланбай келе жаткан суу топтомдору агуучу арыктарды (дренаждарды) тазалоо иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы көп жылдан бери тазаланбай келе жаткан суу топтомдору агуучу арыктарды (дренаждарды) тазалоо иштери үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 500 000 (беш жүз миң) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |