Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-февралы № 9
Ош-Исфана трассасынын Кадамжай шаарынын аймагынан отуучу 123, 125, 126-чакырымдарында болгон авариялык кырсыктар жонундо
Ош-Исфана трассасынын Кадамжай шаарынын аймагынан откон 123, 125, 126-чакырымдарында оор жук ташуучу автоунаалардын катышуусу менен автокырсыктар коп катталгандыгын эске алып, шаардык кенештин депутаттарынын айткан сунуштарынын негизинде Кадамжай шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Исфана трассасы аркылуу оор жук ташуучу автоунаалардын каттоосу учун Кызыл-Кыя - Кадамжай жолунун Озбек Республикасы аркылуу отуучу транзиттик жолун ачуу жагы Кыргыз Республикасынын транспорт министирлигине жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.К.Мадумаровтон суралсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинен Ош-Исфана трассасынын Кадамжай шаарынын аймагынан откон 123, 125, 126-чакырымдарына светофор орнотуу жагы суралсын.
3. Ош-Исфана трассасынын 123, 125, 126-чакырымдарында жол коопсуздугун камсыздоо максатында атайын чаралар коруу, видеобайкоо орноштуруу, эл жашаган уч турак уйду жана тратуарды чон жолдон коломдуу бетондолгон конструкциялар менен тосуу, авариялык “соезд” жасоо, жол жээгинде жол белгилерин кобойтуп, отражатель (тунку чагылдыруучу) коюуну, тийиштуу кызматтар менен биргеликте иш-чараларды 10 кундук моонотто иштеп чыгуу жагы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко тапшырылсын.
4. Ош-Исфана трассасынын 123-чакырымынын айлампасынын кун батыш тарабында курулган дукондордун мыйзамдуулугун аныктап чыгып, 10 кундук моонотто шаардык кенешке маалымат беруу жагы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
5. Ош-Исфана трассасынын 123-чакырымынын кооптуу участкасында жайгашып, мыйзамсыз турдо тосуп алынган жер аянттарын 10 кундук моонотто муниципалдык менчикке каттоо менен жеке жактарга (ижаралык, жеке менчик шарттар), бербоо жагы шаардын мэри Т.Камбаровко жуктолсун.
6. ДЭП менен Кытай куруучуларын ортосунда шаардын тургундары менен тузулгон келишимдердин кочурмосу шаардык кенешке ДЭП тарабынан бир жумалык моонотто берилсин.
7. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Кадамжай шаардык кенешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы онуктуруу боюнча, жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Төрага | А. Нажимитдинов |