Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-февралы № 15
Ош-Исфана жолунун 122, 123, 124, 125, 126-чакырымындагы кооптуу абалдын алдын алуу жонундо
Ош-Исфана жолунун 123 км де системалык турдо чон жана майда авариялар болуп турат. Тилекке каршы адам омуруно жана ден соолугуна зыян келтирген фактылар кундон кунго осуудо. Мындай кооптуу абалдын чондугуна турак жай уйлордун катар жайгашышы, жоо басуучу жолдо, айрыкча окуучу балдардын коптугу, ошондой эле бажы постуна жакын болгондугунан Озбек республикасынын атуулдарынын ушул жолдо жургону, андан да кооптуу абалды кучотуудо.
Ошондой эле Кадамжай шаарынын тургундарынын 28.02.2017-жылда болуп откон митингинин суроо-талабынын негизинде жана Ош-Исфана жолунун мамлекеттик акт менен кабыл алынбагандыгын эске алуу менен Ош-Исфана жолунун 122, 123, 124, 125, 126-чакырымына атайын иш-чараларды иштеп чыгуу, элдин коопсуздугун камсыздоо максатында Кадамжай шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош-Исфана жолунун 123, 124-чакырым аралыгында убактылуу линиялык блок-пост орнотууга уруксат берилсин.
2. Блок-постогу козомолду жана жол коопсуздугун камсыздандыруу Кадамжай райондук ички иштер болумунон (Дубанаев Ж.К.) суралсын.
3. Блок-постко мыйзам ченемине дал келуучу тунку нур чагылдыруучу чырак (светоотражатель) орнотуу ДЭП-46 ишканасынан (Ысманов С.) суралсын.
4. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Мадумаровдон жогорудагы иштерди координациялоо жагы суралсын.
5. Ушул кырдаал боюнча мамлекеттик комиссия тузуу жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
6. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Кадамжай шаардык кенешинин жер, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | А. Нажимитдинов |