Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-февралы № 4
Суу-Башы айыл өкмөтүндө мүлк жана жер салыгын киргизуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-статьясынын 3 бөлүмүнүн жана “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке киргизуу жөнүндөгу” 17-октябрь
2018-жылдын №231 мыйзамынын 3 бөлүмүнүн негизинде Суу-Башы айыл киреше боюнча башкы адиси К. Акмталиевдин билдируусун угуп жана талкуулап
Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезектсиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 1-январынан Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында төмөнку салыктар ишке киргизилсин:
-Мулк салыгы 1,2,3,4 топтогу
-Бардык жер салыгы .
-Ыктыярдуу жана милдеттүү түрдөгү патенттерди киргизүү
2. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 413 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун негизинде ишке ашырылсын.
3. Ушул токтомдун 1 пунктунда көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик тизмесине катто үчүн жиберет.
4. Токтом жарыяланган кундон баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К Маркаев |