Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 17
Кадамжай шаардык кенешинин 2015-жылдын 14-августундагы кабыл алынган № 41/4 токтомунун негизинде турак жай куруу учун жер участкасын алгандардан мыйзамсыз турдо чогултулган акча каражаттары жонундо
Кадамжай шаардык кенеши Кадамжай райондук прокуратурасынын 2017-жылдын 24-февралындагы № 11/168-17 каршылык билдируу катынын негизинде жана Кадамжай шаардык кенешинин 2015-жылдын 14-августунда кабыл алынган № 44/4 сандуу токтомун жокко чыгарылгандыгына байланыштуу Кара-Жантак участкасынан турак жай куруу учун жер алган жарандардан чогултулган акча каражаттары мыйзамсыз эендигин белгилеп, шаардык кенештин жер курулуш жана транспорт боюнча жана каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен Кадамжай шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасынан турак жай куруу учун жер алган жарандардан (1200 сомдон) чогултулган акча каражатын мыйзамга дал келе турган тартипте 1 айлык моонотто кайтарып беруу жагы шаардын мэри Т.Камбаровко милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын козомолдоо Кадамжай шаардык кенешинин жер курулуш жана транспорт боюнча жана каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы онуктуруу боюнча туруктуу комиссияларына жуктолсун.
Төрага | А. Нажимитдинов |