Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 22
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жонундо” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын карамагындагы жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай шаардык кенешинин Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү оз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары откорулуп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтуу кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын коп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жургузуусу милдентендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи болугундо корсотулгон пландар оз убагында аткарылбаса же аларды иш жузуно ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтуу оз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мучолоруно, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтуу расмий окулчулукторуно Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык оз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетуу.
5. Жайыт комитетине жергиликтуу оз алдынча аткаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды оз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитуудо жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай корсотулуп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жонундо” Мыйзамынын негизинде жургузулуусу каралсын.
7. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Т.М.Камбаровко жуктолсун.
Төрага | А. Нажимитдинов |