Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 1
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. 2018-жылга теңдештирилүүчү грантты алууда кетирилген кемчиликтери үчүн тийиштүү адистерге чара көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |