Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 9
“Зардалек-Баткен” СПАсынын 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө
“Зардалек-Баткен” СПАсынын 2017-жылда аткарган иштери жана 2018-жылга карата түзүлгөн бюджети жөнүндө А.Сапаровдун даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы “Зардалек-Баткен” СПАсынын 2017-жылга аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин жана 2018-жылга карата түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 2200000 (эки миллион эки жүз миң ) сом, чыгаша бөлүгү 2200000 (эки миллион эки жүз миң ) сомго бекитилсин.
2. Дара айыл аймагындагы сугат сууга алдын ала төлөм 100л сууга 1саатка 30 сом болуп белгиленсин.
3. Там арка үчүн сугат сууга Чек айылына 100 (жүз) сом, Жаңы-Жер айылына 60 (алтымыш) сом болуп белгиленсин.
4. Дара айыл аймагындагы сугат сууну уурдагандарга айып пул 10000 (он миң) сом болуп белгиленсин жана айып пулдун 5000 (беш миң) сому ууруну кармаган мурабка, 5000 (беш миң) сому СПАга кириштелсин.
5. Дара айыл аймагындагы сугат суунун жыйымын ишке ашыруу максатында жыйналган акча каражатынын 20% мурабдарга берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |