Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 10
Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерге аукцион жарыялоого макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагындагы айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) мөөнөтү аяктаган жерлерди аукционго жарыялоо боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы ижарага берилген айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЧЖМФ) 406-контурунан 88,26га, 460-контурунан 18,65 га, 146-контурунан 15,37га, 164-контурунан 1,50га, 96-контурунан 2га жер аянттарынын ижара мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Дара айыл аймагындагы №96-контурундагы 2,2 га жер жана №406-контурундагы 1га жер аянты айыл аймагындагы турмуш шарты оор жарандарга ижарага иштетүүгө берилсин.
3. Тийиштүү иш-кагаздарын жүргүзүү жагы жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |