Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 13
Чек айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн мектепке К.Сейдакматовдун атын ыйгаруу жөнүндө
Чек айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн мектепке К.Сейдакматовдун атын ыйгаруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн мектепке Кайрилла Сейдакматовдун атын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Чек айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн мектепке Кайрилла Сейдакматовдун атын ыйгаруу жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковго жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |