Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы № 14
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылынын тургуну Зиятова Шаарнас Сапарбаевнага “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылынын тургуну Зиятова Шаарнас Сапарбаевнага “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамына ыйгаруу жөнүндө билдирүүнү талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XII -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Сары-Талаа айылынын тургуну Зиятова Шаарнас Сапарбаевнага “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |