Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы №45
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкорованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджети 11456.9 мин сом суммасында аткарылгандыгы белгиленсин жана финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкорованын 2017-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 12266,9 мин сом суммасында бекитилсин .
3. Анын ичинен айыл өкмөттүн юридикалык жактан алынуучу жер салыгы 83,0 мин сом суммасында бекитилсин.
4. Айыл өкмөттүн аймагындагы физикалык жактан алынуучу жер салыгы 125,0 мин сом
суммасында бекитилсин.
5. Транспорт ээлеринен алынуучу салыгы 450,0 мин сом суммасында бекитилсин.
6. Таштандыларды ташып чыгаруу салыгы 29,0 мин сом суммасында бекитилсин.
7. Айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондуна караштуу жерлерден түшүүчү ижара акысы 371,0 мин сом суммасында бекитилсин.
8. Салык жана салык эмес жыйымдарынан түшүүчү жыйым 5742,4 мин сом суммасында бекитилсин.
9. Тендештирүүчү гранттан түшүүчү киреше 5466,5 миң сом суммасында белгиленсин.
10.Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жалпы бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн өзгөчө кырдаалдар үчүн 100,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
11.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Кочкоровага жүктөлсүн.
Төрага | М. Соорбаев |