Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кеңештин V чакырылышынын кезекcиз XXXIV сессиясы
2016-жылдын 8-февралы № 6
Суу-Башы айыл өкмөтүндө таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилөө жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйымдын нормасын белгилөө боюнча Суу-Башы айылдык Кенештин V чакырылышынын кезекcиз XXXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйымдын өлчөмү бир түтүнгө 50 сомдон кабыл алынсын.
2. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ишканаларда эмгектенген ар бир кызматкерге таштанды ташып чыгаруу жыйымдын өлчөму 100 сомдон кабыл алынсын.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн салыктарды администрациялоо Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине нормативдик актылардын мамлекеттик тизмесине катто үчүн жиберет.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн
салыктарды өз убагында жыйноону уюштуруу,пландарды аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык Кеңештин алдындагы бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К Маркаев |