Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы №46
“РусӨмүр” ЖЧКна кум-шагалдарды казып иштетүүгө макулдук берүү жөнүндө
Сох дарыясынын жээгиндеги “Ак-Турпак-1” участогунан 8,5 га жер аянтына 5325 ТЕ лицензиянын негизинде “Русөмүр” ЖЧКсына кум-шагалдарды казып иштетүүгө макулдук берүү боюнча депутаттар арасында кенири талкуу жүрүп Төрт-Гүл айылдык Кенешинин VI- чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“РусӨмүр” ЖЧКсына кум-шагалдарды иштетүүгө макулдук берүү боюнча жер аянты толук такталып кийинки сессияга калтырылсын.
2. Суралган жер аянтын тактап аныктап келүү жагы жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ы.Касымовго жүктөлсүн.
Төрага | М. Соорбаев |