Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы №47
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа-Развилка автожолун №2 жол тейлөө мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Развилка-Чоң-Талаа автожолун реаблитациялоо жумуштары башталгандагына байланыштуу №2 жол тейлөө мекемесине өткөрүп берүү боюнча Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VI- чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу 5557 метр аралыгындагы Развилка-Чоң-Талаа автожолун №2 жол тейлөө мекемесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү документтерин даярдап берүү жагы Баткен райондук архитектура жана шаар куруу, райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага | М. Соорбаев |