Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 8
Орозбеков айыл аймагынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана СРС программасынын аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун отчетун угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын 2016-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана СРС программасынын аткарылышы боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун аткарган иштери канаттаандырарлык деп эсептелинсин. (отчет тиркелет)
2. Айыл аймагында 2016-жылы СРС программасына киргизилип,аткарылбай калган иш чаралардын пункттары 2017-жылдын программасына киргизилсин.
3. Айыл аймагынын СРС программасынын иш чараларынын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | И. Мадеминов |