Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 15
Орозбеков айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн орун басары А.Матисаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап А.Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын 2013-2017-жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. 2013-2017-жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасын аткарылышы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Айыл аймагынын Кулду айылынын Өндүрүш участкасына курулуучу обьектилердин(ФАП,мектеп) долбоорун иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүндө түзүлгөн жумушчу тобуна милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагынын Күлдү айылынын Назарамин участкасындагы генералдык планда социалдык обьектилерге ажыратылган 2,03 га жер аянтына мектеп жана ФАП куруу жагы каралсын.
5. 2013-2017-жылдарга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасындагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча аткарылышын АРИСке белгиленген мөөнөттө тапшыруу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,экономика жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | И. Мадеминов |