Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 52
Орозбеков айыл аймагындагы менчик мал багуучу чабандарга айыл аймагы боюнча бир калыпта эмгек акысын коюу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагындагы менчик мал багуучу чабандарга айыл аймагы боюнча бир калыпта майда малга 70 сом,чон кара малга-400 сомдон эмгек акы коюлсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Мадеминов |