Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 06-июну № 59
Кадамжай райондук прокуратурасынын 17.04.2017-жылгы № 11/422-17 сандуу“Орозбеков айылдык кенешинин 4-чакырылыш кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын 04.07.2012-жылгы № 23/1 “Орозбеков айылдык округунун Пулгон айылындагы бүтпөгөн оорукананын жер аянтына Ислам университетин ачуу жөнүндө токтомун жокко чыгаруу жөнүндөгү”каты жонүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча Кадамжай райондук прокуратурасынын 17.04.2017-жылгы № 11/422-17 сандуу катын талкуулап,Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Административдик ишмердүүлүктүн негиздери жана административдик процедуралар жөнүндөгу”2016-жылдын 26-июнундагы мыйзамына туура келбегендиктен “Орозбеков айылдык кенешинин 4-чакырылыш кезексиз жыйырма үчүнчү сессиясынын 04.07.2012-жылгы № 23/1 “Орозбеков айылдык округунун Пулгон айылындагы бүтпөгөн оорукананын жер аянтына Ислам университетин ачуу жөнүндөгү” токтомун жокко чыгарууну сот аркылуу чечилишин суранат.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Мадеминов |