Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июлу № 68
Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Надиркен участкасындагы “Надир”темир рудасынын жер аянтын чалгындоого уруксат берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын экономика Министрлигинен Күлдү айылынын
Надиркен участкасындагы “Надир”темир рудасынын дүйнолүк баасы чечилгенден
кийин,чалгындоо иштерине уруксат берүү жагы сунушталсын.
2. Суралсын тиешелүү жогорку органдардан Орозбеков айыл аймагынын Күлдү айылынын Надиркен участкасындагы “Надир”темир рудасын мамлекеттик кен байлыктар рээстрине киргизүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Мадеминов |