Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-июлу № 71
Жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан тургундарга жардам көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 7-июлунда турак жайы толугу менен күйүп кеткен Күлдү айылынын Чапаев көчөсүнүн тургуну Кичибаев Икрамидин Камаловичге айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2824 (резервдик фондунан)статьясынан 10 000(он мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. 2017-жылдын 11-июлундагы катуу жааган жамгырдын натыйжасында турак жайын,жер участогун сел алып кеткен Орозбеков айылынын З.Парпиев көчөсүнүн 4-үйүнүн тургуну Аскаров Медет Адиловичге мыйзам чегинде жер участогун берүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн жана айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2824 (резервдик фондунан) статьясынан 10 000(он мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | И. Мадеминов |