Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-сентябры № 81
Орозбеков айыл аймагынын “2018-2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун билдирүүсүн угуп,талкуулап Орозбеков айыл аймагынын “2018-2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатында Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын “2018-2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы" бекитилсин.
2. Орозбеков айыл аймагынын “2018-2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы”иш-чаралардын планы жактырылсын.(иш-чара планы тиркелет).
3. Орозбеков айыл аймагынын “2018-2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында”кабыл алынган иш чараларды туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык кенештин сессияларында кароо жагы айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | М. Токтоматов |