Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-декабры № 89
Орозбеков айыл аймагынын 2017-жылдын 9 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана СРС программасынын аткарылышы жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун 9 айлык отчетун угуп, талкуулап А.Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын 2017-жылдын 9 ай ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана СРС программасынын аткарылышы боюнча айыл аймагынын башчысы А.Жолдошовдун аткарган иштери жылдын жыйынтыгын угуу менен канаттаандырарлык деп эсептелинсин.(отчет тиркелет)
2. Айыл аймагында 2017-жылы СРС программасына киргизилип,аткарылбай калган иш чаралардын пункттары 2018-жылдын программасына киргизилсин.
3. Айыл аймагынын СРС программасынын иш чараларынын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет,экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Назарбаев |