Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № 91
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, 2018-жылдын бюджетин киреше чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жана 2019-2020- жылдардын бюджетинин божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2017-жылгы бюджетинин аткарылышы жөнүндө Орозбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономика каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчисинин милдетин аткаруучусу М.Ысакованын отчетун угуп, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолдуу көлөмүн«Кыргыз Республикасынын 2018-жылга Бюджеттик Кодексинин» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Орозбеков айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Орозбеков айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2017-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы өзгөртүүлөрү менен 14049,1 мин сомго, чыгаша бөлүгүнун аткарылуусу 14049,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылгы бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражатсыз 15692,8 мин сом, чыгашалары боюнча жетишпестигин эске алуу менен 15692,8 мин сом өлчөмүндө №1.2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 1611,3 мин сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2019-жылгы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору атайын каражатсыз 14754,3 мин сомго № 4,5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 1611,3 мин сом өлчөмүндө № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2019-жылга Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу мекеме- ишканалардын жылдык бюджетинин долбоору атайын каражатсыз 14510,2 мин сомго № 7,8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2019-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 1611,3 мин сом өлчөмүндө № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2018-жылга Орозбеков айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу чыгымдары, анын киреше бөлүгунүн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча эмгек акы, соц фонд чегерүүлөрү, тамак аш, коммуналдык кызмат беренелерине чыгымдоолор жүргүзүлсүн.
9. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылгы бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар, штаттык бирдиктер нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйтүлүшү мүмкүн.
10. Айыл өкмөтүн бюджеттик мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмүнө кириштелбей туруп, сарптоого тыюу салынсын.
11. Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган бюджети 2018-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
Төрага | И. Мадеминов |