Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 97
Жайыт комитетине АРИС аркылуу каржыланып жаткан мал салкындоочу жайды куруу үчүн жайыттын жерине уруксат берүү жөнүндө
Жайыт комитетине АРИС аркылуу каржыланып жаткан мал салкындоочу жайды куруу үчүн жайыттын жерине макулдук берүү жөнүндөЖайыт комитетинин торагасы Э.Темирбаевдин билдирүүсүн угуп, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине АРИС аркылуу каржыланып жаткан мал салкындоочу жайды куруу үчүн жайыттын жеринен Сөгөт жайлоосунан 0,15га, Колтук жайлоосунан 0,15га жер аянтына макулдук берилсин.
2. Жайыттын жерин максаттуу пайдалануу жана иш кагаздарын даярдоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык жана муниципалдык мулкту башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |