Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 98
Жайыт комитетине Кыргыз Жайытынан каржыланып жаткан үрөөнчүлүк фонддун түзүү үчүн ФПСтин жеринен жер ажыратып берүү жөнүндө
Орозбеков айылдык Кенешинин алтынчы чакырылыш кезексиз он сегизинчи сессиясынын 06.03.2018 жыл №97 токтомунун, жайыт комитетине Кыргыз Жайытынан каржыланып жаткан үрөөнчүлүк фонддун түзүү үчүн ФПСтин жеринен жер ажыратып берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин төрагасы Э.Темирбаевдин кайрылуусун карап, Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетине Кыргыз Жайытынан каржыланып жаткан үрөөнчүлүк фонддун түзүү үчүн ФПСтин жеринен 20,0 га жер аянты урук өндүрүүгө келишимдин негизинде 1-жылга акысыз ажыратылып берилсин.
2. ФПСтин жерин максаттуу пайдалануу жана Орозбеков айыл өкмөтү менен келишим түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык жана муниципалдык мулкту башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |