Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-марты № 103
Айыл чарба бакчылык,үрөөнчүлүк кооперативинин башчысы Каимов Абдижалилдин “Күлдү айылынын Оро башы участкасынан 40 (кырк) га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү” арызы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кенештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде,Орозбеков айылдык кенеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айылдык кенештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз, Айыл чарба бакчылык,үрөөнчүлүк кооперативинин башчысы Каимов Абдижалилдин арызын чечүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик-укуктук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Назарбаев |