Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 1
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Беш-Кепе» калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Беш-Кепе калктуу конушунун тургундарынын Беш-Кепе калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 11-июнунда ɵткɵрүлгɵн чогулушунун протоколу бекитилсин.
Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
«Беш-Кепе» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Жаңы-Кызыл-Суу айылынын Беш-Кепе калктуу конушунун тургундарынын жалпы чогулушунун
Протоколу
Жаңы-Кызыл-Суу айылы 11.06.2018-ж
Төрага: С.Нышанбаев
Катчы: Ж.Кочкорбаев
Катышкандар: Жаңы-Кызыл-Суу айылынын «Беш-Кепе» калктуу конушунун тургундары 65 адам
Күн тартиби:
Жаңы-Кызыл-Суу айылынын «Беш-Кепе» калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»
Угулду:
1. Жаңы-Кызыл-Суу айылынын айыл башчысы Нышанбаев Сүйүнбек:
«Өткөн кылымдын 50-60 –жылдары ушул жерлердеги адырларга эл көчүп келип жер төлөө казышып, кепе тигишип жашай башташкан , ошондон улам калктуу конуш «Беш-Кепе»аталып калган. Азыркы күндө аталган участкада 90дон ашуун үй-бүлө түтүн булатып келүүдө. Айылдын пайда болгондугуна алтымыш жылдан ашып баратса да калктуу конуш өз алдынча айыл макамына ээ эмес. Беш-Кепе калктуу конушунун эли каттоого турууда жана каттоодон чыгууда , шайлоолорго катышууда жана башка маселелерди чечүүдө кыйналып келүүдө»
Сүйлөштү:
«Беш-Кепе» калктуу конушунун тургуну Хусанбаев Каныбек:
«Чындыгында эле Беш-Кепе калктуу конушунун түптөлгөндүгүнө көп жыл болсо да калктуу конушка айыл макамы берилбегендиги өкүнүчтүү. Айыл макамына ээ айылдар биздин калктуу конуштан бир канча жыл кийин пайда болушса да биздин айылдан озуп кетишип,өз инфраструктураларын жакшыртып алышты, себеби алар айыл макамын алуу менен өздөрүнө инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Беш-Кепе калктуу конушунун эли айылдык кеңештен жана жогорку органдардан биздин калктуу конушка «Беш-Кепе» айылы деген макам берүүлөрүн суранабыз.»
«Беш-Кепе» калктуу конушунун тургуну Мусакулов Абдрахман:
« Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынан биздин калктуу конушка жаңы ат койбой эле эски аты менен айыл макамын берүүлөрүн суранабыз.»
Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Кызыл-Суу айылынын «Беш-Кепе» калктуу конушун Беш-Кепе айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Беш-Кепе калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын
3.Ушул токтомду бекитип берүү жагы «Отуз-Адыр» айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун тɵрагасы; С.Нышанбаев.
Чогулуштун катчысы: Ж.Кочкорбаев