Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-июну № 2
«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы «Чоок » калктуу конушуна айыл статусун берүү жɵнүндɵ»
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты Адашов Алмазбектин Отуз-Адыр айылдык аймагындагы калктуу конуштарга айыл статусун берүү жɵнүндɵгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Чоок калктуу конушунун тургундарынын Чоок калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча 2018-жылдын 17-июнунда ɵткɵрүлгɵн чогулушунун протоколу бекитилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. «Чоок» калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн. (Т.Туйбаев)
4. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу айылдык кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (Э.Молдошов)
Төрага | А. Беделов |
Отуз-Адыр айылдык аймагынын Фархад айылынын Чоок калктуу конушунун
тургундарынын жалпы чогулушунун
Протоколу
Фархад айылы 17.06.2018-ж
Төрага: Х.Апишев.
Катчы: И.Исаев.
Катышкандар; Чоок калктуу конушунун тургундары-69 адам
Күн тартиби;
1. «Фархад айылынын Чоок калктуу конушуна айыл макамын берүү маселеси жөнүндө»
Угулду: Сөзгө Савай-Арык жана Фархад айылдарынын айыл башчысы Х.Апишев чыгып, чогулуштун катышуучуларына Чоок калтуу конушуна өзүнчө айыл айыл макамын берүү маселеси учурдун талабы болуп жаткандыгын айтып,чогулуштун катышуучуларынан өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын айтуусун өтүндү.
Сөзгө чыккан Чоок калктуу конушунун аксакалы Заитов Данияр төмөндөгүлөргө токтолду;
Ассалому алейкум урматтуу Чоок калктуу конушунун тургундары.Айыл башчы Х.Апишевдин сөзүнө кошуламын. Ошондой эле Чоок калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү абдан зарыл себеби, Чоок калктуу конушунун инфраструктурасында акыркы элүү жыл аралыгында өзгөрүш болгон жок, жаңы социалдык объект курулбады..
Андан кийин сөзгө Эшенчаев Нышан чыгып, ал өз сөзүндө калктуу конушка айыл макамынын берилишин колдоорун айтты.Себеби Савай-Арык айылынан 2-3 чакырым алыстыкта жайгашкан Чоок калктуу конушунда азыркы учурда бир дагы социалдык обьект түшкөн эмес,100 кожолуктан ашкан Чоок калктуу конушу өзүнчө макамга ээ болсо көп чечилбеген маселелер чечилет.Андан кийин сөзгө чыккан Исаев Искак,Рахимбеков Имон,Асамидинов Турдубай,Асамидинов Абибилла,Кошоков Жолчу жана башкалар Эшенчаев Нышандын,Заитов Даниярдын сунуштарын колдошорун билдиришти.Ошондой эле чогулуштун атынан Чоок калктуу конушуна өзүнчө айыл макамын берүү маселесин чечип берүүнү айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен жана айылдык кеңештен суранышаарын билдиришти.
Жогоруда чыгып сүйлөшкөн жолдоштордун сөздөрүн угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай-Арык айылынын Чоок калктуу конушун Чоок айылы деп атап, статус берүү жагы тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Чоок калктуу конушуна айыл макамын алуу үчүн керек болуучу иш кагаздарын даярдап айылдык кеңешке жана жогорку органдарга сунуштоо жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигинен суралсын.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрагасы: Х.Апишев
Чогулуштун катчысы: И.Исаев.